Жаңылыктар
Казакстанда коронавирус тездик менен жайылууда
Дүйнө
Казакстанда коронавирус тездик менен жайылууда

Казакстанда коронавирустун экинчи толкунунун жаралуу коркунучу дагы деле сакталууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президентинин Твиттер баракчасында жарыяланды. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, өкмөттүк комиссиянын аракетине карабастан, вирус дагы эле казакстандыктардын арасында жайылууда. 

«Мен дагы бир жолу мекендештериме массалык илдеттен сактануу үчүн карантин чараларын, анын ичинде социалдык аралык, дезинфекция, гигиена, бет кап менен жүрүүнү өтүнөм», — деп жазган Токаев. 

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирустан 12 миң 667 учур тастыкталып, алардын ичинен 6 миң 606 адам айыгып, 52 адам көз жумган.