Жаңылыктар
Мечитке келүүдө жарандардан эрежелерди так аткаруу талап кылынат
Дин
Мечитке келүүдө жарандардан эрежелерди так аткаруу талап кылынат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык, өлкө аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу, 8-июндан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизет. 

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат. Алар: күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандардын бет кап тагынуусу талап кылынат. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек. 

Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат. Даарат алчу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл. Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет. 

Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет. Ошондой эле, төмөндөгүдөй сунуштар берилет: дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү. Жамаат намаздарды ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүүсү керек.