Жаңылыктар
Электр энергиясы кымбаттайбы?
Экономика
Электр энергиясы кымбаттайбы?

Казакстандан 1 киловатты 9 теңгеден электр энергиясы импорттолууда. Ошол эле учурда Россия Казакстандан эки эсе арзан сатып алып жаткандыгы коомчулукта күмөн ойду жаратууда. Деген менен энергетиктер, азыркы жагдайда коңшу өлкөдөн келип жаткан электр кубатынын баасы анча кымбат эместигин айтып, бул тармакка олуттуу көңүл бурулбаса, келечекте кыйынчылык жаралат деп тынчсызданышат. Адистер, электр энергияны өндүрүүгө жана  жер-жерлерге жеткирип, таратууга кеткен чыгымдар жыл сайын өсүп жаткандыгын айтышат. Бул жагдай тармакка   жетиштүү көңүл бурууну талап кылууда. Антпесе олуттуу маселелер жаралып, бара-бара электр кубаты кымбат товарга айланат деп тынчсызданышат. Ал үчүн тармакка инвестиция салып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл дейт Калый Рахимов.

Өз кезегинде мамлекет башчы да  жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, электр тармактарын жаңылоо, республика калкын жана экономика   тармактарын электр энергиясы менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүшү керектигин белгилеп  келет. 

Г. Усенова, “Биринчи радио”