Жаңылыктар
Кара-Көл шаарында жоокерлер үчүн бардык шарттары бар обсервация ачылды - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Кара-Көл шаарында жоокерлер үчүн бардык шарттары бар обсервация ачылды - Кыргызстан жаңылыктары

Пайдаланылбай, бош турган лагерь жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 270 миң сом каражатка ремонттолгон. Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук аскерлер кызматынын Кара-Көл шаарындагы №718 аскер бөлүгүнө жаңы чакырыктагы жоокерлер келип, алар обсервация жайына жайгаштырылды.

Кызмат өтөөгө чакыртылган жоокерлер 1 ай обочодо болушат. Санитардык коопсуздукту алдын алуу максатында мындай чечим жергиликтүү штабдын координациялык кеңешмесинде кабыл алынган.