Жаңылыктар
Онлайн окутуу жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Онлайн окутуу жыйынтыкталды

Коңгуроонун үнү бул ирет мектептин алдындагы салтанаттуу иш чарада эмес, ээн калган класс ичинде жаңырды. Жумагүл Исмаилованын 20 жылдык тажрыйбасында мындай өзгөчөлөнгөн коңгуроо эч убакта болгон эмес. Бир эле мезгилде окуучуларынын баарын көрүп, жакындай сезилгени менен, аралыктан окутуунун жыйынтыгы дагы аралыктан коштошууга мажбур кылды.


Бүтүрүүчүлөр отуруп алып сынак берчү парталарга, бул жолу предметтик сабактардан берген мугалимдер отурушту. Ошондо да мурдагыдай жанаша эмес, ортодо аралык, парта үстүндө антисептик, баардыгы бет кап кийишкен. Дал ушундай форматтагы бүтүрүү экзамендери өлкө аймагындагы баардык мектептерде жүрдү. Алдын- ала түзүлгөн предметтик комиссия, ар бир окуучунун жыл ичиндеги жалпы жетишкендиктерин карап чыгат. Андагы алган бааларын эске алуу менен экзамендик баалар коюлду.


Билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча жыл жаңыргандан баштап эле даярдыктар башталып, бир канча мектептерде сынап көрүү ыкмасы жүрүп, айрым билим уяларында санарип китепканалар түзүлүп, мугалимдердин билимин жогорулатуу иштери жолго коюлуп калган. 8-апрелден тарта аралыктан окутуу чечими кабыл алынып, тез аранын ичинде өлкө боюнча 200 дөн ашык мугалим, баш аягы миңге чукул сабактарга тартылууга үлгүрдү. Бул арада билим берүү порталдарын 800 миңден ашуун окуучу колдонсо, мобилдик тиркемелерди колдонгондордун саны 500 миңден ашкан.


Дээрлик бир семестр аралыктан билим берген Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн дагы онлайн окуу- биринчи тажрыйба болуп калды. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу марттын орто ченинен берки убакытта, жергиликтүү жогорку окуу жайлар аралыктан окутуу жолдорун уюштуруп кете алды десе болот. Мурдатан онлайн платформасын түзө жүргөн окуу жайларга өзгөчө жеңил болду.

COVID-19 илдети- Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча жүрүп жаткан иш чараларды тездетти. Жай турмуш учурунда акырындык менен санарип ыкмага өтүп жаткан билим берүү тармагы бул багытта башка тармактарга үлгү боло алды.

Ошону менен бирге ал өлкөнүн айрым алыскы райондорунда республикалык телеканалдардын тартуусундагы көйгөй, интернеттин ылдамдыгынын жай болушу жана начар байланыш сыяктуу кемчиликтер болду. Министрлик жайкы эс алуу учурунда кемчиликтердин үстүнөн иштөөгө белсенип жатат.

Ал ортодо Жаштарды өнүктүрүү институту, мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуусунун сапаты жана мүмкүнчүлүгү туурасында жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгын жарыя кылды. Сурамжылоого жалпысынан үч миңге жакын ата-эне жана окуучу катышып, карантин мезгили билим берүү тармагындагы санариптештирүү процессин 10 эсе тездеткендиги айтылат.

Онлайн окутууга мурдатан эле аракеттер көрүлүп, бирок билим берүү тармагы толук курамда даяр боло элек болсо дагы, Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы аралыктан окутуу форматы эл аралык баалоолордо жетишкендиктерди көрсөткөн. Жакында бул боюнча маалыматтар жарыяланарын эксперттер кабарлашты.

Ошентип өлкөдөгү 2 миңден ашык мектепте быйылкы окуу жылы дистанттык негизде ийгиликтүү жыйынталды. Аралыктан окутууга көмөктөшкөн КТРКнын Баластан каналына ЭлТрдин Билим каналына, Пирамида жана Санат каналдарына ошондой эле жогорку окуу жайлардын өкүлчүлүктөрүнө ыраазычылык каттар тапшырылды.