Жаңылыктар
Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата маданият жумалыгы өтөт
Маданият
Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата маданият жумалыгы өтөт

Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата “Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгы жарыяланат.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу мурдагы маданият министри, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлүйпа Кондучалованын туулганына 2020 - жылдын 15- июнунда 100 жыл толот.
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин мааракеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүчү мааракелердин тизмесине кирген. Мааракелик чоң салтанат ушул жылдын күз айларында жалпы коомчулуктун катышуусунда белгиленүүсү күтүлүүдө. Ал эми залкар инсандын туулган күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгын жарыялады. Жумалык өлкөдөгү өзгөчө абалга ылайык онлайн форматта өтөт.

Жумалыктын алкагында Күлүйпа Кондучалованын Кыргыз маданиятынын өнүгүп өсүшүнө жана калыптанышына кошкон салымдарын чагылдырган атайын түз эфирлер, онлайн-көргөзмөлөр, маданий иш- чаралар уюштурулат. Жалпы коомчулукту социалдык медиа жана маалымат каражаттары аркылуу Күлүйпа Кондучаловадай элибиздин залкар кызын эскерүүгө жана жумалыктын иш чараларына активдүү катышууга чакырабыз.

Жумалыктын расмий ачылышы жана китеп көргөзмө 2020 –жылдын 8- июнь күнү саат 15:00 А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында өтөт.