Жаңылыктар
Мечиттер санитардык талаптарды сактоо менен ишин жандантат - Кыргызстан жаңылыктары
Дин
Мечиттер санитардык талаптарды сактоо менен ишин жандантат - Кыргызстан жаңылыктары

Ош шаарындагы 72 мечиттин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүлүп, андагы санитардык талаптардын сакталышына көзөмөл кылынат. Талапка жооп бербеген же аны сактабаган мечиттер жабылат. Бул боюнча мэрия Ош шаардык казыят менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 

Ага ылайык, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, бет каптар менен камсыз болууга милдеттендирилген. Намазга келгендер социалдык аралыкты сактап, мечитке бет капсыз киргизилбейт. Мындан тышкары Ошто учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, санитардык талаптарды сактоонун зарылчылыгы тууралуу мечиттердин имамдарына да кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 8-июндан тартып мечиттердин ишин жандандыруусуна уруксат берген.