Жаңылыктар
"Жеңиш" аянтында гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүүдө - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
"Жеңиш" аянтында гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүүдө - Кыргызстан жаңылыктары

Борбор калаанын "Жеңиш" аянтында үйдө жана бакчада өстүрүүчү гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат. 

Анда гүлдүн түрлөрүнөн тышкары гүл өстүрүүчү карапалар, жомок каармандарынын бакчага коюлуучу сөлөкөттөрү жана багбанчылыкка керектүү товарлар да сатылууда. Көргөзмөдө гүл өстүрүүнү сүйгөндөр адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү да түзүлгөн. 

Мэриянын маалыматына караганда, гүлдөрдүн көргөзмөсү 15-июнга чейин болот.