Быйыл Кыргызстанда окуу жайга тапшыруу онлайн форматта өтөт. Окуу жайга тапшыруу процессин онлайн форматка өткөрүү боюнча министрлик тарабынан платформа иштелип чыкканын өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
Абитуриенттер окуу жайга барбастан, ал платформа аркылуу аралыктан каалаган окуу жайына, каалаган адистигине тапшыра алат. Окуу жайга тапшыруучу коннкурска жол ачкан босого баллдын канча болору азырынча айтыла элек. Аны жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынан кийин канча болорун билим берүү министрлиги аныктайт. Былтыр босого баллдын көрсөткүчү 110 балл болгон. Быйылкы жылы абитуриенттерди жогорку окуу жайына кабыл алган жалпы республикалык сынак үч этапта өтөт. Тактап айтканда 21-22-июнда, 24-25-июнда жана кечигип катталгандар үчүн 11-12-июлда өтөт.
Буга чейин жалпы республикалык сынакка катышууну каалаган мектеп окуучуларын каттоо 15-майга чейин жүргүзүлгөн. Эми ал каттоого документин жөнөтө албай калгандарды каттоо 20чы жана 23-июнь күндөрү түшкү саат 13төн 17ге чейин өтөт. Тестирлөөнүн жыйынтыгын көрсөткөн сертификаттар 13-июлдан 19-июлга чейинки аралыкта жөнөтүлөт. Андан кийин Жогорку окуу жайларына кабыл алуу өнөктүгү башталат. Жогорку окуу жайларына тапшыруунун алгачкы этабы 20-25-июлда башталат. Азыркы тапта Кыргызстанда 42 миңге жакын абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө катышу үчүн каттоодон өткөн.