Жаңылыктар
Абла дарыясына 14 тонна күйүүчү май сууга төгүлдү
Өзгөчө кырдаал
Абла дарыясына 14 тонна күйүүчү май сууга төгүлдү

Чүй облусунда май ташуучу унаа оодарылып, ичүүчү суу убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар  министрлигинин басма  сөз  кызматынан билдиришкендей, кырсык 12-январь күнү,   Жайыл районунда  Бишкек-Ош унаа жолунун 116-чакырымында “май ташуучу унаа 38 тонна күйүүчү май алып бара жатып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Айдоочусу жабыркаган эмес. 

Анын кесепетинен Абла суусууна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлгөн. Абла дарыясынын бензин төгүлгөн жеринен төмөн жагынан Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кайырма, Бөксө-Жол, Бекитай айылдары жана Сосновка айыл өкмөтүнө караштуу Сосновка айылдарынын калкы ичүүчү суу менен камсыздалат. 

Ушул жагдайга байланыштуу, окуя болгон жерге  тиешелүү  кызматтардын адистери  барып,  Абла суусу убактылуу токтотулуп, суунун зыяндуулугун аныктоо максатында Мамлекеттик экотехинспекция  тарабынан үлгү алынды. Жыйынтыгы чыгарыла элек. Ал эми, оодарылган унааны 13-январь түнкү саат 3төр  чамасында менчик крандын жардамында  жолго чыгарышкан.