Жаңылыктар
Шейшенкул Бакиров кызматтан кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Шейшенкул Бакиров кызматтан кетти

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча өкмөттүн алдындагы агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Маалыматка ылайык, ал мындай чечимди өз каалоосу менен кабыл алган. 

Белгилей кетсек, Бакиров бул кызматка былтыркы жылдын июль айында дайындалган. Эми мекеме жетекчисинин милдетин аткаруу агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардиновага жүктөлдү.