Жаңылыктар
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу

Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер мындан беш жыл мурдагыга салыштырганда дээрлик үч эсеге көбөйдү. Ал эми бул жылга карата ишканалардын таза пайдасы 550 млн сом деп болжонгон. Бул баштагы бекитилген пландан 50 млн сомго арбын. Өлкө башчысы бүгүн Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасын кабыл алды. Анда мүлктү башкаруу тутумунун абалы жана аны санариптештирүүнүн жүрүшү талкууланды.

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында башка тармактар менен катар эле мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумунда да автоматташтыруу, электрондоштуруу иштери аткарылууда. Тармакка киргизилген санарип саясат алгачкы жылда эле оң натыйжаларын берди деп айтууга толук негиз бар. Мүлктү ижарага берүүдөн мамлекеттик казынага түшкөн каражаттын суммасы дээрлик үч эсеге арбыган. 

Тармакка киргизилген санарип саясат мамлекеттик ишканалар менен акционердик компаниялардын отчеттуулугун автоматташтырып, ачык айкындуулук камсыздалды. Мекеменин жаңыртылган сайтына кирип ар бир жаран ижарадан түшкөн кирешелер, чыгашалар, чогулган пайда жөнүндө толук маалымат менен тааныша алат. Аны менен бирге «Акционердик борбор» мекемеси түзүлүп, мүлктү ижарага берүүдө онлайн аукцион өтүүдө. Мурдагыдай жең ичинен соодалашып, мамлекеттин мүлкүн арзыбаган акчага ижарага алуу ооздукталды. 

Санариптешүү менен катар мамлекеттин мүлкүн тактоо башка айтканда инвентаризациялоо жүрүүдө. Бул этапта мамлекеттик мүлктүн миңден ашуун объектисин инвентаризациялоо пландаштырылган. 

Фонд төрагасын кабыл алууда өлкө башчысы тармакка «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилиши керектигин белгиледи. Мамлекеттик компаниялар заманбап санарип технологияларды киргизүү менен «Түндүк» тутумуна кошулуп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүшү керек экенин эскертти. Аны менен бирге мүлктү башкарууну өркүндөтүү үчүн улутташтыруу механизмдеринен тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү механизмдерин да киргизүү керектигин кошумчалады.