Жаңылыктар
Бала бакчалардын иштөө шарты
Кыргызстан жаңылыктары
Бала бакчалардын иштөө шарты

Мамлекеттик жана жеке бала бакчалардын кызматкерлери Ковид-19га карата текшерилип бүткөн соң, балдарды кабыл ала баштады. Азыркы күндө борбор калаада 13 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп жатат. Бардык бала бакчаларга санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бекем сактоо талабы коюлган. Мындан сырткары бир тайпада 10-12ден ашык бала болбошу керек.

Алты жаштагы Мария эки айлык карантинден кийин бүгүн бала бакчага алгач барышы. Тарбиячыларын жана бакчадагы жакын досторун сагынганы көрүнүп турат. Ал жаңы эреже талаптарга бат эле көндү, анткени санитардык эрежелерди апасы үйдө да жакшы үйрөткөн. Борбор калаадагы бул бакчада 10го жакын тарбиячы иштейт. Өткөн дем алыш күндөрү алардын бардыгы коронавируска карата анализ тапшырышты, жыйынтыгы жакшы.