Жаңылыктар
Айдоочудан пара талап кылган инспекторлор кармалды - Кыргызстан жаңылыктары
Коррупция
Айдоочудан пара талап кылган инспекторлор кармалды - Кыргызстан жаңылыктары

Киргшёлк айылында салмак көзөмөлдөөчү жайда Транспорт жана жолдор министрлигинин эки инспектору кармалды. 

Аларды, саат 17:00 чамасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери кармаган. Аталган кызмат маалыматты тастыктап, бирок тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына байланыштуу кеңири маалымат берген жок. 

Алдын-ала маалыматтарга караганда, кармалган инспекторлор жүк ташуучу унаанын айдоочусунан пара талап кылышкан.