Жаңылыктар
COVID-19: Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлер жапырт медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө
Дүйнө
COVID-19: Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлер жапырт медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө

Түркмөнстанда ыктымал коронавирус жуктургандарды аныктоо үчүн мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери массалык түрдө медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурланууда. 

Ушу тапта шаардагы медициналык жайларда текшерүүдөн өтүүнү каалаган бюджеттик кызматкерлердин кезеги көп болууда.

эркектер үчүн текшерүүнүн баасы 100 манат ($28,5), аялдар үчүн 140 манат ($40).

Аялдар үчүн кымбат болуп жатканы, аларды гинекологго барып, кошумча текшерүүдөн өтүүгө мажбурлашууда.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип, көп адамдар катышкан массалык иш-чараларды өткөрүп келет.