Жаңылыктар
Талас шаарынын мэрия кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Коррупция
Талас шаарынын мэрия кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда УКМК ККК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас Мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-ж.т. Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Талас облусттук ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.