Жаңылыктар
Жакын арада 3 манасчы батирлүү болушат
Кыргызстан жаңылыктары
 Жакын арада 3 манасчы батирлүү болушат

Жакын арада 3 манасчыга 3 бөлмөлүү батирлер берилет. Бул туурасында “Саякбай Манасчы” эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраев билдирди. Анын айтымында 4-июнь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Улуулукка мамиле” аттуу салтанаттуу иш чара өтөт. 

Анын алкагында соңку жыйырма жылдан бери карай “Манас” эпосун салттуу нукта оозеки айтып келе жаткан белгилүү манасчыларга фонд өз баасын берип, жаңы батирлердин ачкычын тапшырат. 

Андан тышкары ушул эле иш чарада 1 миң 260 беттен турган “Саякбай энциклопедиясынын” бет ачаары болуп өтөт. Белгилей кетсек аталган иш-чара Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлүп жатат.