Жаңылыктар
“Кыргыз тилсиз Москвада кыйын”. Жагымдуу маанай тартуулаган “Динозавр-2” тасмасы
Мекендештер
“Кыргыз тилсиз Москвада кыйын”. Жагымдуу маанай тартуулаган “Динозавр-2” тасмасы

Орусиянын НТВ каналынан көрсөтүлүп жаткан “Динозавр-2” сериалынын үзүндүсү кыргыз интернет айдыңында кызыгуу жаратты. Миңдеген көрүүчүлөр пикир калтырууда. Анда тасмадагы негизги каармандардын бири дүкөндүн сатуучусу менен кыргыз тилинде сүйлөшөт. Анын “Москвада кыргыз тилсиз таптакыр болбойт” – деп айтканы бар.

Москвада кыргыз тилсиз таптакыр болбойт. НТВ каналынын “Динозавр-2” тасмасынын кыска үзүндүсү интернет айдыңында, көпчүлүктүн жүзүндө жылмаюу жаратты. Комедиялуу тасманын негизги каармандарынын бири дүкөндөгү сатуучу менен кыргыз тилинде баарлашкан жери, мекендештерге жагымдуу маанай тартуулады.