Жаңылыктар
Футболдук клубдар 8-июндан тарта машыгууларын башташты - Кыргызстан жаңылыктары
Спорт
Футболдук клубдар 8-июндан тарта машыгууларын башташты - Кыргызстан жаңылыктары

Футболдук клубдар 8-июндан тарта машыгууларды жандандырышты. Бул тууралуу спорт агенттиги билдирди. Алардын сайтына жарыяланган маалыматты өзгөртүүсүз беребиз:

Чектөө иш-чараларын (карантинди) этабы менен алып салуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн объекттеринин ишин калыбына келтирүү максатында 2020-жылдын 8-июнунан баштап төмөнкү мелдештерге даярдыктын алкагында Кыргыз Республикасынын футболдук клубдарына окуу-машыгуу сабактарын өткөрүүгө уруксат берилсин:
• Кыргыз Премьер-лигасы (футбол);
• Улуттук Лига (футбол);
• Экинчи Лигасы (футбол);
• Фан-Лига (футбол);
• Кыргыз Республикасынын Суперкубогу (футбол);
• Кыргыз Республикасынын Кубогу (футбол);
• Ардагерлер Лигасы (футбол);
• Кыргыз Республикасынын Суперлигасы (футзал);
• Кыргыз Республикасынын Кубогу (футзал);
• КР АФК-2020 кубогу (футзал);
• Супер Кубогу (футзал);
• Евразиялык лиганын 3-туру (кум үстүндө футбол).

Кыргыз футболдук союзуна сунушталат:

окуу-машыгуу сабактарын башталышынын алдында футбол боюнча клубдарынын оюнчуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүшсүн;

графикке ылайык санитардык ченемдерди жана эрежелерди, гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын сакталышы өзгөчө контролго алынсын;

спортчулардын дене табын контактсыз көзөмөл жүргүзүү тартибин уюштурууну камсыз кылсын.