Жаңылыктар
Москва шаарында карантиндик чектөөлөр алынат
Дүйнө
Москва шаарында карантиндик чектөөлөр алынат

Москва шаарында коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр бүгүндөн тартып алынат. Бул тууралуу калаа башчысы Сергей Собянин билдирди. Анын айтымында, бет кап кийүү режими февраль айына чейин созулушу мүмкүн. «Москвадагы «обочолонуу» карантини марттын аягында киргизилген. Ага ылайык, тургундарга негиздүү себептер менен гана көчөгө чыгууга уруксат берилген. 

Унаа менен жүрүү үчүн электрондук өткөрмө талап кылынган. 21-майдан тартып жарандардын шаардагы коомдук жайларда бет кап жана кол кап кийип жүрүүсү милдеттүү болуп калган. Бүгүнкү күндө Москвада күнүнө коронавирус жуктуруп алган эки миңден кем эмес адам аныкталууда. Эпидемиянын жогорку чегинде бул көрсөткүч 4-5 миңге жетип турган.