Жаңылыктар
Нарын шаарында 99 турак үй сел калдыктарынан тазаланды - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Нарын шаарында 99 турак үй сел калдыктарынан тазаланды - Кыргызстан жаңылыктары

Нарын шаарында 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 111 турак үйдү каптап анын ичинен 56 турак үйдүн ичине жана короосуна, 50 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирген. 5 турак үй авариялык абалга келген. Ошондой эле  көчөлөрдү жана ички чарбалык унаа жолдорду кум шагылдарга толтурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Тазалоо иштерине куткаруучулар жана 4 даана техника тартылган, жумуштар уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

8-июнь күнү куткаруучулар 8 турак үйдүн короолорун тазалап беришкен. Ошондой эле тартылган күчтөрдүн аракетинде сел суулары каптаган көчөлөрдү, ички чарбалык жолдорду шагыл таштардан тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан сырткары 6-июнь күнү КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан турак үйү авариялык абалга келген жаранга 1 мобилдик турак үй бөлүнүп берилген.

3-июндан 9-июнга чейин жалпы 99 турак үй сел калдыктарынан тазаланган, жумуштар уланууда.