Жаңылыктар
Акрам Мадумаров Ош облусундагы чек ара бекеттеринен кабар алды - Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара
Акрам Мадумаров Ош облусундагы чек ара бекеттеринен кабар алды - Кыргызстан жаңылыктары

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ош облусунда кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” бекети аркылуу жүк ташууда санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышы, айдоочуларга түзүлгөн шарттардан кабар алды. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана республикалык штабдын талабына ылайык, айдоочулар жүк ташууда атайын кабыл алынган алгоритм ченемдеринин негизинде иш алып барууда. Бул жерден күнүгө 50гө чукул оор жүк ташуучу унаалар өтөт. Пандемияга байланыштуу бир канча убакыт жабык турган аталган жай 24-апрелден тартып транзиттик жана ички каттамдарга жүк ташууга ачылган. 

1-июндан тартып Кытайга облустан комур экспорттоло баштады. Иш толугу менен биргелешкен автоматтык маалыматтык система тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Орнотулган видео камеранын төртөө онлайн туташкан. Вице-премьер дубанга болгон иш сапардын алкагында Чоң-Алай районундагы чек ара бекетинин иши менен да таанышат. Аны мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басары Абдыкерим Алимбаев коштоп жүрөт.