Жаңылыктар
Экс-премьер-министр Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Экс-премьер-министр Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылды - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 9-июнундагы өкүмү менен Карыбаева Мира Аскеровна Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөлүү деп табылып, ага карата 2600 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 260 000 (эки жүз алтымыш миң) сом айып өндүрүлдү.

Исаков Сапар Джумакадырович Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү, 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөлүү деп табылып, ага карата төмөндөгүдөй жаза белгиленди:

- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 12 (он эки) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү;

- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 12 (он эки) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү;

Белгиленген жазаларды жарым-жартылай бириктирүү жолу менен, Исаков Сапар Джумакадыровичке биротоло 16 (он алты) жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленди.

Буга чейинки өкүм боюнча белгиленген жазаны жарым-жартылай кошуу жолу менен Исаков Сапар Джумакадыровичке, биротоло 18 (он сегиз) жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленди.

Ошондой эле, Исаков Сапар Джумакадыровичтен Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин пайдасына мамлекетке келтирилген материалдык зыян катары 247 650 281 (эки жүз кырк жети миллион алты жүз элүү мин эки жүз сексен бир) сом өндүрүлдү.