Жаңылыктар
Жалал-Абадда ишканалардын санитардык абалы текшерилди - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Жалал-Абадда ишканалардын санитардык абалы текшерилди - Кыргызстан жаңылыктары

Коронавирус жуктурган 8 жаран ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу брифингде өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди. Анын айтымында, ушул күнгө чейин COVID-19 илдетине 169 киши чалдыкса, алрдын 161и айыккан. Азыркы тапта 76 киши обсервацияда жатат. Чет жактан келгендер менен байланышкан жарандар аныкталып жатат. Аймакта коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында миңден ашуун ар кандай объектинин санитардык абалы текшерилди. Эреже-талапты сактабаган ишканага эскертүү берилип, айрымдарына айып пул салынды.

“Санитардык талаптарды бузган тараптарга эскертүүлөр берилген. Эгер алар кайрадан текшерүү учурунда санитардык талаптарды бузган болсо, чараларды көрөбүз”, - деди Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов.