Жаңылыктар
Лабораториялар иштебесе экспорт жакшырбайт
Экономика
Лабораториялар иштебесе экспорт жакшырбайт

Эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар иштемейинче ата мекендик продукцияны тышкы рынокко алып чыгуу кыйын. КАН: Бул туурасында бүгүн өкмөттүк кеңешмеде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгиледи. Экспорт маселесин жакшыртууда өкмөт башчы кандай маселелерге токтолгону туурасында Улан Бакировдун материалы.

Ал эми фитосанитардык лабораторияларды биринчи этапта Талас жана Ысык-Көл облустарында куруу пландалган. Айыл чарба министрлиги бөлүнгөн каражатты үнөмдөө максатында бош жаткан курулуш обьектилерин колдонууга аракет кылып жатканын билдирди.

Аны менен өкмөт башчы ветеринардык жана фитосанитардык заманбап лабораторияларды куруу ата мекендик продукцияларды сыртка чыгарууга жол ачаарын айтып, өкмөт мүчөлөрү бул маселени тезирээк чечиши зарыл экендигин кошумчалады.

Көзөмөлдөп өткөрүү пункттарын модернизациялоонун алкагында болсо, «Актилек-Автожол» өткөрүү пунктундагы кыймылды ыкчамдатуу максатында кошумча көпүрөнү куруу маселеси айтылды. Транспорт жана коммуникациялар министрилиги бул маселе боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр.

Кеңешмеде өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасындагы төрт өткөрүү пунктун жаңылап жакшыртуу ишин август айына чейин жыйынтыктоону тапшырды. Кандай иш жүрүп жатканынан кабар алуу үчүн өкмөт башчы жакынкы арада ал жерге өзү бараарын эскертти. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118