Жаңылыктар
Кореядан 12 кыргызстандык мекенине кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештер
Кореядан 12 кыргызстандык мекенине кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары

Кореядан кыргызстандык мекендештер кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, чартердик рейс аркылуу Кыргызстандын 12 жараны Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Бишкекке алып келинди. 

Учурда бардык учуп келген жарандар тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды. Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам, чек аралар убактылуу жабылып, эл аралык жүргүнчү ташуучу аба каттамдар токтогондугуна байланыштуу чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иштер улантылат.