Тарых жана маданият жылынын алкагында Ош шаарында биринчи эл аралык этномаданият фестивалы уюштурулду. Бул иш чарада улуттук баалуулуктарга өзгөчө басым жасалып, “Этношаар көчөсү”, “Этномузыка” жана “Каада-Салт” деген аталыштардын бет ачары өттү. Фестивалдын жүрүшүнөн кезектеги материалда.
Фестивалдын алкагындагы этношаар көчөсү. Бул көчө өткөн кылымдагы Ош шаарынын көчөлөрүндөй кылып жасалган. Көчөдө наабайкана, устаканалар орун алып, комузчулар менен керней-сурнай тарткандар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап, кызуу бий менен коштолду. Ал эми 45 жылдан бери атадан балага мурас катары өтүп келе жаткан дарчылардын өнөрү кызыктуу оюну менен көпчүлүктү өзүнө тартты.
Фестивалда Этномоданын жаңычыл багыттары көрсөтүлүп кол өнөрчү уздардын жана усталардын байыртадан уланып келе жаткан эмгегин даңазалады.
Лейлек районуна келген уз-чебер Үрниса Эрботоева 9 жашынан тарта таар согот. Азыр да таар согуп даяр болгонун үй ичине төшөп колдонот.Таар согуу чанда гана кездешкендиктен, аны элге кылдаттык менен даңазалады.
Даңкы алыска угулган Лейлек килеми бир гана кыргызстанда эмес, чет өлкөдө да жакшы белгилүү. Мында килемдин 40тан ашуун түрү коюлду. Аймактагы уз-чеберлер килем токуу өнөрүн сактап калуу аракетин көрүп келишет. Ал эми “Алымбек Датка” эс алуу багында келген конокторго, бешике бөлөө, тушоо кесүү, чач өрүү, сөйкө салуу жана кыз узатуу өңдүү каада салттар көрсөтүлдү. Жаштар фестивалдын алкагында абдан пайдалуу сабак алса боло тургандыгына ынанышты.
Токтогул эс алуу багында Ош, Баткен жана Жалал-Абаддан келген өнөр ээлери тарабынан “Этномузыка” жаңырды. Аны менен маданиятты даңазалап, чет элдиктерди тартууну көздөйт. Эл аралык этномаданият фестивалы эртең да улантылып, кечке жуук чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталат.