Жаңылыктар
Ош: Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конуш таза суу менен камсыздалат
Аймак
Ош: Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конуш таза суу менен камсыздалат

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конушту таза суу менен камсыз кылуу долбоору ишке киргизилүүдө. 

Президент Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган долбоорду ишке ашыруу менен он калктуу конуш же Жапалак айыл аймагынын 20 миңден ашуун тургуну таза суу менен толук камсыз болорун маалымдады. Курулуштун долбоору республикалык бюджеттен каржыланган. 

Биринчи этап боюнча курулуш иштери былтыр июнь айында башталган жана ушул жылдын июнь айынын соңуна чейин толугу менен бүткөрүлөт. Президент калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында артыкчылыкка ээ экенин дагы бир ирет белгиледи. Мамлекет башчысы бул багыттагы иштер жалпы республика боюнча активдүү жүрүп жаткандыгын айтты. Эске салсак, калкты таза суу менен камсыз кылуу улуттук долбоор болуп саналат жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири. 

Аймактарга болгон бардык иш сапарларында Мамлекет башчысы аталган маселеге өзгөчө көңүл бурат. 2018-жылы бул максаттарга республикалык бюджеттен 350 млн сом, ал эми 2019-жылы 500 млн сом бөлүнгөн. Акыркы үч жылда өлкөнүн 107 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. Бюджеттик каржылоодон тышкары өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары да активдүү тартылууда.