Жаңылыктар
Кочкор районунда көптөн күткөн көйгөй чечилип, жаңы мектеп курулууда - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Кочкор районунда көптөн күткөн көйгөй чечилип, жаңы мектеп курулууда - Кыргызстан жаңылыктары

Нарындын Кочкор районунун Бугучу айылында 150 орунга ылайыкталган мектеп курулуп жатат. Жалпы наркы 55 миллион сомду түзгөн билим уяны чет элдик инвестор каржылап, күз айларында бүтүрүү планы турат. 

Курулуш компаниясынын айтымында, пандемиянын кесепетинен ишке чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, пайдаланууга бир аз кечирээк берилет. Учурда жумуштун эң орчундуу делген бөлүгү аяктады. Бардык санитардык талаптар сакталган. Эскерте кетсек, элеттик окуучулар буга чейин коңшу айылдын мектебине барып, билим алышчу.