Жаңылыктар
Эриш-аркак жылы: Россия күнүнө карата “Достук ырлары” онлайн концертти өтөт
Маданият
Эриш-аркак жылы: Россия күнүнө карата “Достук ырлары” онлайн концертти өтөт

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында Россия күнүнө карата майрамдык концерт өтөт. 

Иш-чара 12-июнь күнү саат 11:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында болот. Концерт Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Россиянын КМШ өлкөлөрү, чет жерде жашаган мекендештер, эл аралык гуманитардык кызматташтык иштери боюнча федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат. 

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу концерт көрүүчүлөрсүз өтөт, бирок ал “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана анын интернеттеги баракчалары аркылуу көрсөтүлөт. Концертте кыргызстандык жана россиялык ырчылар, чыгармачыл топттор өз өнөрүн тартуулайт. Россиялык артисттердин катарында Россиянын эл артисти Надежда Крыгина, эмгек сиңирген артисттери Валерий Сёмин жана Нина Шацкая сыяктуу өнөрпоздор катышып, мамлекеттик бий ансамблинин аспаптык тобу болот. 

Ал эми “Достук ырлары” аттуу концертке Кыргызстандан “Семетей”, “Шаттык” ансамбли, “Сувенир” орус ырлар ансамбли, “Акак” комузчулар ансамбли, Кыргызтандын эл артисттери Султан Каримов жана Замира Мавлянова, эмгек сиңирген артисттери Жылдыз Осмоналиева, Юлия Руцкая, Бакыт Ыбыкеев, сыяктуу бир катар өнөр ээлери катышат.