Жаңылыктар
Чуулгандуу көмүр кени
Кыргызстан жаңылыктары
Чуулгандуу көмүр кени

Кыргызстанда алтын, көмүр кендерин казуу иштери көпчүлүк учурда жаңжалдар менен коштолуп келет. Алардын бири - Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кени. Аталган кендин айланасында болуп жаткан чырды иликтөө үчүн ал жерге атайын өкмөттүк комиссия барды. 

2015-жылдын февраль айында Бел-Алма көмүр кенин иштетүү боюнча өкмөттүк сынак жарыяланган. Сынакка “Перити Коал-Юг”, “Ормош-Ойл”, “Беш-Арча” компаниялары катышкан. Мындан жергиликтүү калкка 20 миллион долларлык социалдык пакетти сунуштаган артыкчылыгы менен "Беш-Арча" ишканасы көмүр кенин 1 миллион 70 миң АКШ долларына сатып алган.

Ишкана геологиялык чалгындоо ишин июнь айынан баштаган. Бирок Майдан айыл аймагынын тургундарынын арасында кайчы пикирлер орун алып келет. Кенге байланыштуу нааразычылыгын билдиргендердин бири- Сайдыкасым Эрмековдун пикиринде, аталган компания кенде мыйзамсыз көмүр казуу жана ташуу аракеттерин жүргүзгөн. 

Бирок ишкана жетекчисин айтымында “Бул дооматтар - компанияны каралоо аракетти. Кенге жарыяланган сынак адилеттүү, ачык өткөн.Ал эми кара алтынды казууга уруксаат барагы кенге жүргүзүлгөн чалгындоо ишинин жыйынтыгынын негизинде гана берилген.

Бул чыр - айылдык кеңештин депутаттарынын да жаатташуусуна алып келген. Бири- ушул ишкананын көмөгү менен элдин социалдык муктаждыктары жоюлуп, аймак акырындык менен дотациядан чыгып жатат десе, экинчиси- мыйзамды темирдей сактаган ишкана гана иш алып барышын талап кылууда.

Бел-Алма көмүр кени буга чейин да мыйзамсыз казууга дуушар болгон. Натыйжада, миллиондогон кирешелер кен жайгашкан аймактын бюджетине түшкөн эмес. Майдандыктар болсо айылдыктардын муктаждыгын четинен жоюп келе жаткан ишкананы колдон чыгаргысы келбей турушат. Кендин айланасындагы чырдын ак-карасын тактай турган өкмөт алдындагы мекемелер аралык комиссия 4-июнга чейин маселеге чекит коюушу керек. Бирок бул мөөнөт иликтөө ишине байланыштуу узарып кетиши да мүмкүн.