Жаңылыктар
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Түркияда эскерилди
Маданият
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Түркияда эскерилди

Чыңгыз Айтматов Түркияда эскерилди. Залкардын дүйнө салган күнүнө байланыштуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев алп жазуучунун Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги эстелигине гүл койду. Өлкөнүн расмий адамдары, анын ичинде Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тууган коомчулуктар Башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эрен жана башкалар бул тууралуу маалыматты социалдык тармактагы өздөрүнүн жеке баракчаларына жайгаштыруу менен эскеришти. 

Эске салсак, 2019-жылы Кичиөрен мэриясы тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылып, эстелиги тургузулган. Буга чейин аталган мамлекетте алп жазуучунун бир нече айкели орнотулган.