Жаңылыктар
“Кыргызкөмүр” ишканасына козголгон иш кайра каралышы мүмкүн
Коррупция
“Кыргызкөмүр” ишканасына козголгон иш кайра каралышы мүмкүн

Депутат Мээрбек Мискенбаев “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишин кайрадан карап чыгууну талап кылууда. Мындай сунушун эл өкүлү жалпы отурумда айтып чыкты. 

Депутат мамлекеттин казынасындагы 35 миллион сомго кол салган “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчилерине карата тиешелүү мекемелердин чара көрбөй жатканына нааразы. 

Бүгүнкү күндө өлкөдө коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат, президент жемкорлук менен күрөшүү багытында демилгелерди көтөрүп чыгууда. Бирок эмнегедир укук коргоо органдары бул ишке көмөкчү болбой жатышат - деди Мискенбаев. 

Эл өкүлүнүн айтымында тоок уурдагандар түрмөдө отурат дагы, мамлекеттик казынанын миллиондогон каражатын уурдагандар эркиндикте жүрөт.