Жаңылыктар
Каракол шаары: пара алган салыкчы кызматынан бошотулду - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Каракол шаары: пара алган салыкчы кызматынан бошотулду - Кыргызстан жаңылыктары

Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев 10-июнда кол койду. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирди. 

Буйрукка бөлүмдүн башчысы кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандыгы жөнүндө Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 4-июнундагы соттук чечиминин негизинде кол коюлган.

Буга чейин аталган кызматкер алдын ала иликтөө жана соттук териштирүү мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын начальниги аталган факт боюнча кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматына ылайык эместиги жөнүндө эскертилген.