Жаңылыктар
Россия КМШ өлкөлөрү менен авиакаттамдарды жандандырат
Дүйнө
Россия КМШ өлкөлөрү менен авиакаттамдарды жандандырат

Россия 2020-жылдын 15-июлунан тартып КМШ өлкөлөрү менен болгон авиакаттамдарды жандандыра баштайт. Бул тууралуу Россиянын Туроператорлор ассоциациясы билдирди. 

Буга чейин россиялык авиакомпаниялар ЕАЭБ өлкөлөрүнө туруктуу каттамдарды калыбына келтирери кабарланган. Россиянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, 15-июлдан тарта Россиядан КМШнын бардык өлкөлөрүнө учууга, ошондой эле борбордун каалаган жеринен келүүгө мүмкүн болору айтылган. Россиянын эки тарапка учуу аба каттамдары үчүн өлкөлөрдүн тизмеси 1-августтан тартып кыйла кеңейтилет. 

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Россия 27-марттан тартып башка мамлекеттер менен туруктуу жана чартердик каттамдарды токтоткон. Бир гана чет өлкөлөрдөгү россиялыктарды алып келүү үчүн жана өкмөттүн атайын жумуш сапары үчүн гана иш алып барууда.