Жаңылыктар
Париждеги “Батаклан” театрынан уурдалган баалуу эмгек табылды
Дүйнө
Париждеги “Батаклан” театрынан уурдалган баалуу эмгек табылды

Былтыр Париждеги “Батаклан” театрынан Британиялык сүрөтчү Бэнксинин уурдалган эмгеги Италиянын Абруццо районундагы фермадан табылды. 

Маалым болгондой, эң белгилүү көчө искусствосунун чебери Бэнкси 2015-жылдын 11-ноябрында “Батаклан” театрындагы террордук кол салууда курман болгондорду эскерүүдө тез жардам кызматынын эшигинин алдына аза күтүп жаткан адамдын сүрөтүн тарткан болчу. Аквила шаарынын прокурору Италиянын жана Франциянын укук коргоо органдары жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында уурдалган сүрөт табылганын билдирди. 

Кошумчалай кетсек, Бэнксинин бул эмгеги, дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы баалуу сүрөттөрдүн бири. Сүрөт Парижде 2018-жылдын 25-июнуна караган түнү күтүүсүздөн пайда болуп, көпчүлүктүн эсинде калган. Париждин театрында жана башка аймактарында 130 адам террордук чабуулдардын курмандыгы болушкан.