Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасы: "Чалдыбар унаа жол" бекети ишин жандантты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-казак чек арасы: "Чалдыбар унаа жол" бекети ишин жандантты

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Чалдыбар унаа жол" көзөмөл өткөрүү жайы иштеп баштады. 

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, "Чалдыбар" өткөрүү жайы "Ак-Тилек" бекетинин жумушун жеңилдетүү максатында оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн гана ачылды. Ошону менен катар айдоочулар өткөрүү жайынан COVID-19 вирусуна милдеттүү түрдө экспресс-тесттен өтүшү керек. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы чыккан учурда карантиндик посттун кызматкерлери тарабынан маалым кат берилип, аны менен айдоочулар Казакстанга кире алышат. Ошентип азыркы учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде үч унаа жол өткөрүү жайлары иштеп жатат. Алар: Чүй облусунда "Ак-Тилек унаа жол", "Чалдыбар унаа жол" жана Талас облусунда "Чоң-Капка унаа жол" өткөрүү жайлары. 

Белгилей кетсек, "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" өткөрүү жайларында Өкмөттүн март айындагы тескемесинин талаптарына ылайык жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүүдө. Темир жол жүк тушуучу курамдар "Кайыңды темир жол" бекети аркылуу өткөрүлүүдө.