Жаңылыктар
Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн кеңеши өтөт
Саясат
Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн кеңеши  өтөт

6-8-июнга чейин Көз карандысыз шериктешткке кирген мамлекеттердин кезектеги кеңеши Кыргызстанда өтөт. Жыйынга шериктештикке кирген мамлекеттердин бардык өкмөт башчылары катышаары күтүлүүдө.

 

Учурда жогорку даражадагы конокторду тосуп алуу даярдыктары жүрүүдө. Көз карандысыз шериктештикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бишкекте өтүүчү кеңешине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылат.

Жыйындын күн тартибинде 22 маселе каралып,7 келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Анда негизинен экономика, электр энергиясы, саламаттык сактоо, чек ара жана айыл чарба жаатындагы бир катар актуалдуу маселелер бар. 

Мына ушундай маанилүү иш чара маалында коомдук тартипти камсыздоого көңүл борборунда болот. Буга 700дөн ашык тартип кызматкери тартылып меймандар жүрүүчу жолдордо унаа кыймылдарына убактылуу чектөө киргизилип турат.