Жаңылыктар
Песков: Москвадагы парадка он өлкө катышарын ырастады
Дүйнө
Песков: Москвадагы парадка он өлкө катышарын ырастады

24-июнда Москвада өтө турган Жеңиш парадына он өлкө катышарын ырастады. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Азыр болжолдуу тизме бар. Парадга катышарын Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан Сербия, Хорватия, Абхазия жана Түштүк Осетия өлкөлөрү ырасташты», — деди Песков.

Парадда Өзбекстандын делегациясын президент Шавкат Мирзиёев жетектеп барат деп күтүлүүдө.

Песков бир катар өлкө жетекчилерине чакыруу жөнөтүлгөнүн, ушу тапта жооп күтүп жатышканын кошумчалады.