Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү пансионаттарга ар бир эс алуучуну каттоого алуу милдеттендирилди
Туризм
Ысык-Көлдөгү пансионаттарга ар бир эс алуучуну каттоого алуу милдеттендирилди

Ысык-Көлдө пансионаттар ар бир эс алуучуну каттоого алуу милдеттендирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, кардарларды каттоо аркылуу вируска чалдыккан адамдар менен байланышкандарды аныктоого болот. Эрежелерди аткарбаган эс алуу үйлөрүнө карата катуу чаралар көрүлүп, объект жабылат, - деди Осмоналиев. 

Эске салсак, 1-июндан тарта Ысык-Көлдө пансионат жана эс алуу үйлөрүнө санитардык нормаларды сактоо менен иштөөгө уруксат берилген. Аймакка киргендердин бардыгынын дене табы өлчөнөт.