Жаңылыктар
Ысык-Көл: эс алуу жайлардагы санитардык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Туризм
Ысык-Көл: эс алуу жайлардагы санитардык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көлдө туристтик сезон башталгандыктан, тиешелүү кызматтар тарабынан эс алуу жайларын текшерүү жана санитардык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Бул тууралуу онлайн-брифингде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова билдирди. Дубанда жалпысынан 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана, 19 балдар лагери, 3 реабилитациялоо борбору бар. 

Облус жетекчисинин орун басары аймактагы эс алуу жайларынын баары атайын иштелип чыккан алгоритмдин негизинде гана ачылып жатканын айтып, койгон талаптарды аткарбагандар иштебей турганын эскертти. Бүгүнкү күндө облуста коронавирус жуктуруп алгандардын саны 25 адам.