Жаңылыктар
Орозо 6-июнда башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Орозо 6-июнда башталат

Кыргызстандагы мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп жаткан Орозо 6-июнда башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты. Муфтияттагылардын айтымында дүйшөмбү 6-июнь - рамазан айынын алгачкы күнү деген бүтүмгө келишкен. 

Ушул күндөн тарта 30 күн бою мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин тамак ичпей, мусулманчылыктагы беш парздын бирин аткарышат. Орозо айт болсо 5-июлда болот деп болжолдонууда. Белгилей кетсек бул жолку орозо жайдын эң узак күндөрүнө туш келүүдө. 

Дарыгерлердин айтымында орозо кармай турган адамдар ысыктан жабыркабашы үчүн ден соолугуна сак болуп, алдын ала өздөрүн сынап көрүшкөнү туура болот.