Жаңылыктар
Адал эмгек абийир таптырат
Кыргызстан жаңылыктары
Адал эмгек абийир таптырат

Оштун Араван району дыйканчылык менен таанылган. Жашылча-жемиштин бардык түрү өсөт. Ал тургай, аймактын эли бир жылда үч ирет түшүм алып, айыл чарба азыктары экспорттолот. 10дон ашык улуттун өкүлдөрү жашаган жергиликтүүлөрдү Президент “эмгекти сүйгөн, жаратман эл”, - деп баалады. Мамлекет башчысы аталган районго жасаган иш сапарында, бир катар чарбалардын ишмердүүлүгү, ирригация, таза суу тутумунун курулушун көрдү.