Жаңылыктар
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады
Билим
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады

Казакстандын университеттеринде 2020-2021-окуу жылында акысыз билим алууга талапкерлер үчүн алдын ала тандоо сынагы 2020-жылдын 23-24-июнунда Билим берүү жана илим  министрлигинде өтөт. 

Бардык документтерди Билим берүү жана илим министрлигинен тактап, өз убагында жөнөтүү зарыл. Бакалавриат программасына тапшыруучулар үчүн 23-июнда саат 10:00дө математика, Кыргызстан тарыхы, англис тили боюнча сынак компьютердик тестирлөө форматында өтөт.

Магистратура программасы боюнча талапкерлер үчүн сынактык тандоо 2020-жылдын 24-июнунда саат 10:00дө өтөт. Талапкерлер менен уюштуруучу комиссиянын мүчөлөрү аӊгемелешет. Казакстандын ЖОЖдорунда окууга документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 19-июнуна чейин узартылган. 

Коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында сынактык тандоонун алдында талапкерлердин температурасы милдеттүү түрдө текшерилет, ошондой эле колдору антисептикалык эритме менен тазаланат. Талапкерлер социалдык аралыкты сактоо менен орундуктардан орун алышат.