Жаңылыктар
Казакстанда митингдерди чагылдырган журналисттер үчүн "ыкчам пресс-борборлорду" уюуштуруу сунушталууда
Саясат
Казакстанда митингдерди чагылдырган журналисттер үчүн "ыкчам пресс-борборлорду" уюуштуруу сунушталууда

Казакстан бийлиги митингдерди чагылдырган журналисттер үчүн “ыкчам пресс-борборлорду” уюштуруу ниетин билдирди. Максат – журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн камсыздоо.

Бул тууралуу онлайн-жолугушуу учурунда маалымат жана коомдук өнгүгүү министри Аида Балаева билдирди.

Балаеванын айтымында, “ыкчам пресс-борборлор” митингге катышкан кишилердин саны 200дөн ашса, акимчиликтердин жана ЖМКлардын сунушу менен түзүлөт. Мындай жайларда журналисттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн тартип сакчылары иштейт. Акимчиликтер ЖМК өкүлдөрү менен иштей турган “өз өкүлдөрүн” да дайындайт.

Казакстанда көптөгөн кишилердин катышуусунда өткөн митингдер учурунда укук коргоочулар жана журналисттерди кармап кетүү адатка айланган.