Жаңылыктар
Табылды Кадырбековдун сүрөтү мыктылардын катарына кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Табылды Кадырбековдун сүрөтү мыктылардын катарына кирди

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин фотобаяндамачысы Табылды Кадырбеков ADME PHOTO AWARDS 2016 сүрөт конкурсунун сыйлыгына татыды. 

Борбордук аянттагы Энелер күнүнө карата уюштурулган майрамда тарткан анын сүрөтү мыкты сүрөттөрдүн катарына кирип, 3-орунга илинди. Калыстардын катарында мыкты сүрөтчүлөр Катерина Плотникова, Александр Петросян, Олег Оприско, Александр Яковлев жана Кирилл Умрихин болду. 

Конкурса жалпы 4419 сүрөт каралып, анын ичинен 36 мыктысы тандалып алынды. Эл аралык AdMe Photo Awards сүрөт конкурсу 2013-жылдан бери талантуу сүрөтчүлөрдүн эмгегин эл алдына чыгарып, сыйлыкка көргөзүп келишет.