Жаңылыктар
Өлкөдө чакан насыя алгандардын саны көбөйдү - Кыргызстан жаңылыктары
Экономика
Өлкөдө чакан насыя алгандардын саны көбөйдү - Кыргызстан жаңылыктары

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында чакан насыя берүүчү уюмдар тарабынан 6 млн 924 миң 300 сом насыя берилип, алуучулардын саны 143 миң 900 адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Маалыматка ылайык, чакан насыя алган калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 7,6 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 11,4 пайызга көбөйгөн. Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун, андан кийин Бишкек шаарынын, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын алуучуларына берилген. 

Быйылкы жылдын I кварталында берилген чакан насыянын жалпы көлөмүнүн 35,1 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 26,1 пайызы керектөөчүлүк муктаждыктарына, 11,7 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.