Жаңылыктар
Түркияда карантин эрежелери жеңилдеди
Дүйнө
Түркияда карантин эрежелери жеңилдеди

10-июндан тарта Түркияга аба каттамдары аркылуу келген жүргүнчүлөр 14 күндүк обсервацияга жаткырылбайт. Бул тууралуу «Анадолу» маалымат агенттиги жазды. 

Белгилүү болгондой буга чейин 10-июндан тарта Түркиядан 40 өлкөгө аба каттамдары ачыларын Транспорт министри маалымдаган. Ал эми Стамбулдан Кыргызстан, Албания, Дания, Норвегия жана башка өлкөлөргө рейстер 22-июнда ачылат. 

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Түркияга атайын рейстер менен 59 өлкөдөн 75 миңге жакын жаран кайтып барган. Алар 14 күндүк обсервацияга жатууга милдеттүү болгон. 27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтоткон. Ал эми 1-июндан баштап өлкөдө карантин чектөөлөрдүн айрымдары алынган.