Жаңылыктар
Кыргызстанда тигилген кийимдердин жарманкеси башталды
Экономика
Кыргызстанда тигилген кийимдердин жарманкеси башталды

Жеңил өнөр-жай өндүрүшүнүн күнүнө карата Кыргызстанда тигилген кийим кечелердин жарманкеси башталды. 3-июндан 10-июнга чейин Бишкекте өтө турган жарманкеге тигүү тармагында иштеген 60тан ашык ишкерлер продукциясын алып чыкты. Жарманкенин негизги максаты - ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү жана алардын колунан тигилген кийим кечелерди жайылтуу. 

Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБке киргенден бери Казакстан менен Орусиядан дүңүнөн буйрутма бергендер көбөйдү. Бирок азырынча анын айрымдарынан Кыргызстандык ишкерлер баш тартууга мажбур болууда. 

Анткени чоң көлөмдөгү буйрутмаларды аткаруу үчүн миңдеген адамдар иштеген чоң цехтер керек. Кыргызстанда болсо азырынча бул тармакта көбүнчө чакан цехтер басымдуулук кылат. Анткен менен жалпы абалды алганда, кыргызстанда тигилген кийимдердин сапаты жакшырып, өлкө аймагынан тышкары сыртта дагы чоң суроо талаптарга ээ болууда дешет жеңил өнөр жайчылар.