Жаңылыктар
Эриш-аркак жылы: Россия күнү
Кыргызстан жаңылыктары

Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилеси активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатат. 

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2020-жылды эки өлкөнүн кызматташтыгынын эриш-аркак жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган. 

Буга байланыштуу 27-февралда Кремль сарайында мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болгон. Кыргызстан жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылат. 

Кылымдардан бери келе жаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбыз биргеликте сакталып келе жатат. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Россия күнүнө карата уюштурулган онлайн концерт анын күбөсү.